Талас облусунда быйыл 269 километр аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтөт

Талас облусунда быйыл 269 километр аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтөт

Энергетика министрлиги тарабынан калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырманы ишке ашыруунун алкагында 2026-жылы Талас облусунда март айынан ноябрь айына чейин 269,530 км 10 кВ аба чубалгысы капиталдык ремонттон өтөт. Аталган оңдоо иштери Талас электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылат.

10 кВ аба чубалгыларына болгон капиталдык оңдоо иштери төмөнкү райондорго жүргүзүлөт:

  • Талас шаарында - 6 км;
  • Талас районунда -118,320 км;
  • Манас районунда- 41,405 км;
  • Айтматов районунда -73,820 км;
    -Бакай-Ата районунда 29,985 км;

Мындан тышкары, 1725,61 км 10кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөө иштери да жүргүзүлөт. Анын ичинде:

  • Талас шаарында - 95,560 км;
  • Бакай-Ата районунда - 295,270 км;
  • Талас районунда - 525,120 км;
  • Манас районунда - 272,980 км;
    -Айтматов районунда -536,680 км;

Ошондой эле, 1902,97 км 0,4кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөө иштеринин көлөмү:

  • Талас шаарында- 208,935 км;
  • Бакай-Ата районунда- 362,982 км;
  • Талас районунда - 503,865 км;
  • Манас районунда - 301,746 км;
    -Айтматов районунда -525,442 км түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын