Чүй облусунда 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда
Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Аталган иштердин алкагында Чүй облусу боюнча 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда- 110/35/10 кВ "Манас II" көмөкчордону; - 220/35/10 кВ "Чуйская" көмөкчордону; - 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордонун; - 35/10 кВ "Ленинская" көмөкчордону.
Мындан тышкары, 5 даана жаңы трансформатор коюлуп, 785 даана 6-10/0,4кВ ТКЧ капиталдык оңдоодон жана 5176 даана 6-10/0,4кВ ТКЧ күнүмдүк оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.
Аткарылып жаткан иштер электр энергиясынын туруктуулугун камсыздоого, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууга, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.