Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат
Быйыл Нарын облусунда 66,36 чакырым 10/0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Бул иштер Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашырылат. Долбоор “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланып, апрель айынан башталып, октябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүлүшү пландалууда.
Реконструкциялоо жана жаңы куруу иштери төмөнкү райондордо аткарылат:
- Ат-Башы району — 14 км
- Ак-Талаа району — 6,8 км
- Кочкор району — 14,5 км
- Жумгал району — 6,5 км
- Тогуз-Торо району — 7,6 км
- Нарын району — 16,9 км
СИП кабелдерин колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Алар аба ырайынын таасирине туруктуу болуп, электр энергиясынын жоготууларын азайтат, авариялык өчүрүүлөрдү кыскартат жана тейлөө чыгымдарын төмөндөтөт. Ошондой эле коопсуздукту камсыздап, калктуу конуштарда электр тармактарын пайдаланууну ыңгайлуу кылат.