Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү
Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого тартууга мүмкүнчүлүк берет. Чогултулган маалыматтар 3D форматта иштелип чыгып, жер кыртышынын рельефин, техникалык өзгөчөлүктөрдү жана курулуш учурунда жаралышы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого шарт түзөт.
Консультациялык кызматтар боюнча ирандык Monenco Iran компаниясы менен келишим түзүлгөн. Ал эми экологиялык жана социалдык маселелер боюнча изилдөө жана долбоорлоо иштери MERCADOS ARIES INTERNATIONAL, S.A. консультанты менен биргеликте 2026-жылдын 27-февралынан 31-мартына чейин жүргүзүлөт.
Министрлик маалымдагандай, Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда курулушу пландалган 110 кВ жаңы аба линиялары ишке берилгенден кийин 110 киловольттук "Кара-Шоро", "Кара-Кулжа" жана "Каратай" көмөк чордондору "Исанов" негизги көмөк чордонго кошулат.
Жаңы аба линияларынын узундугу төмөнкүдөй:
- 110 кВ "Исанов" – Кара-Кулжа" — 40 км;
- 110 кВ "Исанов" – Каратай" — 60 км;
- эки чынжырлуу 110 кВ "Исанова – Кара-Шоро" — 3 км.