Быйыл Баткен облусунда 54,6 миң акылдуу эсептегич орнотулат
Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын жана электр энергиясын жеткирүү системасын автоматташтыруу саясатынын алкагында, 2026-жылы Баткен облусунда 54 587 даана АСКУЭ акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Орнотуу иштери Баткен электр тармактары ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Райондор боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө:
- Кызыл-Кыя РЭТ – 10 150 даана
- Кадамжай РЭТ – 14 530 даана
- Лейлек РЭТ – 14 105 даана
- Сүлүктү РЭТ – 15 193 даана
Учурда Баткен электр тармактар ишканасында 130 668 абонент катталган. Анын ичинен 121 149у — калк абоненттери, 9 519у — калк эмес абоненттер.
2024–2025-жылдары облус боюнча 62 085 даана акылдуу эсептегич орнотулду. Натыйжада Баткен району, Баткен шаары толугу менен, ошондой эле Кызыл-Кыя шаары акылдуу эсептегичтер менен камсыз болду.
Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Кыргызстан УЭТ” ААК тарабынан ишке ашырылууда. Анын максаты — энергетикалык тармакты модернизациялоо, санариптик башкарууну өнүктүрүү жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу.