"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат
"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда.
Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат:
- Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону;
- 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба электр берүү линиясы;
- "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунда 110 кВ ячейкаларын орнотуу.
Объект деңиз деңгээлинен 3 миң метрден жогору бийик тоолуу аймакта жайгашкан. Иштерди аткаруу мөөнөтү — 12 ай.
Тендерге арыздар 2026-жылдын 13-мартына чейин кабыл алынат.
Каржылык шарттар:
- келишимди аткарууну камсыздоо кепилдиги — 5%;
- алдын ала төлөм — 50%;
- кепилдик мөөнөтү — 24 ай.
Талапкерлерге катуу шарттар коюлган:
- акыркы 10 жылдагы окшош долбоорлор боюнча тажрыйбаны ырастоо;
- 2024 жана 2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулук;
- Кыргызстанда салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыз жок экендиги тууралуу маалымкат.
Учурда катышуучулар бир катар маанилүү маселелер боюнча түшүндүрмө сурашууда. Тактап айтканда:
- долбоордун техникалык татаалдыгына байланыштуу арыз берүү мөөнөтүн 2026-жылдын апрелине чейин узартуу;
- төлөм графигин конкреттүү этаптарга (жабдууларды жеткирүү, курулуш-монтаж иштерин аяктоо) байланыштыруу;
- төлөм валютасын тактоо — эсеп-фактураларды доллар же кытай юаны менен берүү мүмкүнчүлүгү (Улуттук банктын курсу боюнча конвертациялоо шарты менен);
- катаал климаттык шарттардан улам кыш мезгилиндеги сезондук чектөөлөрдү эске алуу.