Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттар реконструкцияланууда

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттар реконструкцияланууда

Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык, эскилиги жеткен ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда "Электр станциялар" ААКсына караштуу Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатты модернизациялоо иштери жүрүп жатат. №2 гидроагрегатты демонтаждоо иштери 90%га аяктады, ал эми №1 гидроагрегатты демонтаждоо иштери башталды. Адистер эски жабдууларды алып чыгып, жаңы гидроагрегаттарды орнотууга даярдык көрүшүүдө.

Үч-Коргон ГЭСи төрт гидроагрегаттан турат. Ар биринин баштапкы кубаттуулугу 45 МВт, станция жылына 800 миллиондон ашык кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Реконструкция аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 180 МВттан 216 МВтка чейин көбөйүп, жылдык өндүрүш 984 миллиондон ашык кВт/саатка жетет.

Реконструкцияланып жаткан гидроагрегаттарды 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы ишке берилген жана Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан. Станция өлкөнүн түштүк аймагын электр энергиясы менен камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

Жашыл энергетика фонду 15 лот боюнча конкурс жарыялады

Жашыл энергетика фонду 15 лот боюнча конкурс жарыялады

Жашыл энергетика фонду кайра жаралуучу энергия булактары тармагында объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин берүү укугуна конкурс жарыялады. Конкурска жалпы 15 лот коюлду. Алардын ичинде жалпы кубаттуулугу 1 300 МВт болгон үч күн электр станциясынын (КЭС) долбоору жана өлкө аймактарындагы бир катар чакан ГЭС долбоорлору бар. Күн электр станциялары (КЭС) Лот

Быйыл Бишкек шаары болжол менен 2 млн гүл менен кооздолот

Быйыл Бишкек шаары болжол менен 2 млн гүл менен кооздолот

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы быйыл борбор калаа үчүн кеңири масштабдуу гүл программасын пландаштырган. Шаар болжол менен эки миллион бир жылдык гүл менен кооздолот, алар гүлзарларга, сейил бактарга, аянттарга жана борбордук көчөлөрдүн боюна отургузулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Белгилей кетүүчү нерсе, жылуу жаздын аркасында 10-апрелге чейин болжол менен

Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту 200 млн долларга жакындады

Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту 200 млн долларга жакындады

Кыргызстандын жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту дээрлик 200 млн долларга (болжол менен 17,1 миллиард сом) жеткенин парктын директору Азис Абакиров билдирди. Анын айтымында, ИТ-компаниялардын экспорт көлөмү өлкөнүн жалпы экспортунун болжол менен 7%ын, ал эми ички дүң продукциясынын (ИДП) дээрлик 1%ын түзөт. Азис Абакиров белгилегендей, масштаб жагынан бул

Ташкент-Ош авиакаттамы 1-апрелден тарта ачылат

Ташкент-Ош авиакаттамы 1-апрелден тарта ачылат

Ташкент–Ош багытындагы жаңы аба каттамы 1-апрелден тартып ачылат. Каттамды өзбекстандык Centrum Air жеке авиакомпаниясы Airbus A320 үлгүсүндөгү учактар менен жүргүзөт. “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы билдиргендей жаңы авиа каттам жумасына эки жолу - шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Учуу узактыгы 1 саат 10 мүнөт. Ал эми авиабилеттердин минималдуу баасы эки