Ташкент-Ош авиакаттамы 1-апрелден тарта ачылат

Ташкент-Ош авиакаттамы 1-апрелден тарта ачылат

Ташкент–Ош багытындагы жаңы аба каттамы 1-апрелден тартып ачылат. Каттамды өзбекстандык Centrum Air жеке авиакомпаниясы Airbus A320 үлгүсүндөгү учактар менен жүргүзөт.

“Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы билдиргендей жаңы авиа каттам жумасына эки жолу - шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Учуу узактыгы 1 саат 10 мүнөт. Ал эми авиабилеттердин минималдуу баасы эки тарапка 1,5 млн сумдан (10,8 миң сом же 124 доллар) башталат.

Маалыматка ылайык, каттамдардын графиги Ташкенттен башка каттамдарга ыңгайлуу туташтырылып түзүлгөн. "Бул Ош шаарынан чыккан жүргүнчүлөргө авиакомпаниянын маршруттук тармагы боюнча башка багыттарга учууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт" деп жазылган анда.

Жаңы каттамдын ачылышы - багыттарды кеңейтүү гана эмес, эки өлкөнүн туризмди, бизнести өнүктүрүү жана коңшулук, достук мамилелерди бекемдөөсүнө кошумча өбөлгө болору белгиленүүдө.

Бишкек–Ташкент багытындагы аба каттамы 2017-жылдан тартып жанданган. Пандемия учурунда токтоп, кийинчерээк кайра ачылган каттам учурда аптасына төрт ирет аткарылат.

2024-жылдан бери жайкы туристтик сезон учурунда Ташкент–Тамчы аба каттамы да аткарылып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media