Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын алкагында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКы өздүк каражатынын эсебинен Талас жана Чүй облустарында темир-бетон буюмдарын жасоочу цехти ишке киргизүүнү пландаштырып жатканын ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда темир-бетон буюмдарын жасоочу цехтин жерлери такталып, долбоору чийилип, тендер аркылуу куруучу фирма аныкталып, тиешелүү документтер даярдалып бүттү.

Күндүн жылышы менен курулуш иштери башталат. Бул темир-бетон жасоочу цехтин ишке берилиши менен Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары темир-бетон электр мамылары жана башка темир-бетон буюмдары менен толук камсыз болот.

Муну менен катар кошумча жумушчу орундар түзүлүп, өндүрүлгөн буюмдар облустун энергетика тармагын жаңылоо үчүн колдонулат. Ошондой эле аймактагы капиталдык курулуш объектилерин сапаттуу жана жеткиликтүү баада камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Темир-бетон буюмдарды жасоочу цехтин курулуш иштерин ушул жылдын август-сентябрь айларында аяктап, ишке берүү пландаштырылып жатат.

Мындай темир-бетон буюмдарды жасоочу цехтер Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарында бар. Бир жылдык өндүрүү 12000 даана. Электр менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот: 105 (чалуу акысыз) +996 772 001209, 0556 001209 WhatsApp: +996 702 001209

Мындан тышкары окуңуз

1076,2 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды

1076,2 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аракети менен Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз пайдаланылып келген 1076,2 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Аталган жер тилкеси кызмат тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйруктун негизинде мамлекетке кайтарылган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен пайдаланылып жатканы аныкталган. Натыйжада

"Бишкек" ЭЭКинин экс-директору К.Тайчабаровдун иши Ленин райондук сотуна өттү

"Бишкек" ЭЭКинин экс-директору К.Тайчабаровдун иши Ленин райондук сотуна өттү

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөнүн анын адвокаты болгон Памир Суранбаев “Азаттыкка” билдирди. Кудрет Тайчабаров 2025-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазган. Боршайком “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен

Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда желим баштыктарга чектөө киргизүү, аларды жок кылуу жана таштанды полигондорундагы абал тууралуу "Эко Деми" фондунун президенти Айжан Чыныбаева "Биринчи радионун" түз эфиринде айтып берди. Чыныбаева желим баштыктарды колдонууну чектөө зарыл экенин, бирок аны ишке ашыруу татаалдыгын белгилейт. Ошондой эле ал желим баштыктардын зыянын эске

Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык эскирген ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери уланууда, ал жерде жаңы гидроагрегат орнотууга даярдык көрүлүп жатат. Долбоордун алкагында негизги жабдуулардын көпчүлүгү станциянын кампасына жеткирилген. Бүгүнкү күндө №2 гидроагрегат үчүн керектүү жабдуулардын 47,3%ы келип түшкөн. Учурда №2