Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык эскирген ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери уланууда, ал жерде жаңы гидроагрегат орнотууга даярдык көрүлүп жатат.

Долбоордун алкагында негизги жабдуулардын көпчүлүгү станциянын кампасына жеткирилген. Бүгүнкү күндө №2 гидроагрегат үчүн керектүү жабдуулардын 47,3%ы келип түшкөн. Учурда №2 гидроагрегатта турбинанын жумушчу дөңгөлөгүнүн камерасын демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошол эле учурда №1 гидроагрегатта турбинанын валын демонтаждоого даярдык көрүлүп, 10,5 кВ чыңалуудагы көмөкчү жабдуулар жана ток өткөргүчтөр демонтаждалып жатат. Учурда долбоорду ишке ашырууга 80ден ашуун адис тартылган.

Эскерте кетсек, Үч-Коргон ГЭСиндеги гидроагрегаттарды модернизациялоо иштери 2024-жылы башталган. Буга чейин станциянын №4 жана №3 гидроагрегаттары жаңыланып, пайдаланууга берилген.

2026-жылы бир эле учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат, аны ушул жылдын аягына чейин аяктоо күтүлүүдө.
Эки гидроагрегатты модернизациялоо аяктагандан кийин станциянын орнотулган кубаттуулугу 198ден 216 мегаваттка чейин көбөйөт, ал эми негизги жабдуулардын иштөө мөөнөтү бир нече ондогон жылдарга узартылат.

Мындан тышкары окуңуз

"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө

"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын үлүш ээлеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Үлүш ээлеринин кайрылууларынан кийин компаниянын ишмердүүлүгү Президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Учурда “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объектилерин бүткөрүү үчүн аларды

Жумуртка баасы эмне үчүн өсүүдө? Монополияга каршы кызмат жыйын өткөрдү

Жумуртка баасы эмне үчүн өсүүдө? Монополияга каршы кызмат жыйын өткөрдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 9-мартта жана 11-мартта тоок жумурткасы рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында жыйын өткөрдү. Жыйынга Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясынын, "Умай Групп" ЖЧКсынын, "Азия Ритейл" ЖАКынын, "Борсок Инвест" ЖЧКсынын жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышты. Жолугушууда жумуртка жеткирүүлөрүнүн

1076,2 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды

1076,2 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аракети менен Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз пайдаланылып келген 1076,2 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Аталган жер тилкеси кызмат тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйруктун негизинде мамлекетке кайтарылган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен пайдаланылып жатканы аныкталган. Натыйжада

"Бишкек" ЭЭКинин экс-директору К.Тайчабаровдун иши Ленин райондук сотуна өттү

"Бишкек" ЭЭКинин экс-директору К.Тайчабаровдун иши Ленин райондук сотуна өттү

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөнүн анын адвокаты болгон Памир Суранбаев “Азаттыкка” билдирди. Кудрет Тайчабаров 2025-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазган. Боршайком “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен