Январь айында Кыргызстанда 1,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү

Январь айында Кыргызстанда 1,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү 1 млрд 880,4 млн кВт/саатты түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын талдоонун негизинде белгилүү болду.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь айында өлкөдө 2 млрд 9,4 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Демек, быйылкы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 129 млн кВт/саатка же 6,4%га азайган.

Буга чейин, 2025-жылдын сентябрь айында энергетика министри Таалайбек Ибраев бул кыш Кыргызстан үчүн эң оор кыш болорун билдирген.

Ошол убактан тартып республикада электр энергиясын үнөмдөө чаралары активдүү киргизиле баштаган. 2025-жылдын ноябрь айынын ортосуна карата бийлик төмөнкүдөй чараларды кабыл алган:

— административдик жана мамлекеттик мекемелерде кечки убакта сырткы жарыктандырууну колдонууга тыюу салынган;


— мектептерде саат 18:00дөн кийин электр энергиясын колдонуу чектелген;


— калк үчүн жаңы кубаттуулук чеги киргизилип, ал 3 кВт менен чектелген.

Натыйжада тургундар кир жуугуч машинаны же электр чайнегин иштетүүнүн бирин тандаганга туура келет;


— 2026-жылдын март айынын аягына чейин майнинг-фермалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган;


— Бишкек мэриясы кафе, ресторан жана түнкү клубдарда электр энергиясын көп керектеген жабдууларды (электр плиталары, жылыткычтар, мештер жана башкалар) саат 22:00дөн кийин өчүрүп коюу талабын киргизген. Кийин бул талап жумшартылган;


— президент электр энергиясын импорттоонун көлөмүн мүмкүн болушунча кыскартууну тапшырган.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК комитети электрондук акчаларды мурастоо маселесин талкуулады

ЖК комитети электрондук акчаларды мурастоо маселесин талкуулады

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында электрондук акчаларга байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти. Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу жана мыйзамда

УКМКнын төрагасы бизнести кысымдан коргоону убада кылды

УКМКнын төрагасы бизнести кысымдан коргоону убада кылды

УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков өлкөдөгү бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушканын ведомствонун басма сөз борбору билдирди. Жолугушуу 2026-жылдын январынан тартып президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен киргизилген ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу саясатын ишке ашыруунун алкагында өттү. Атайын кызматтын жетекчиси өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү бизнестин туруктуу иштешине, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана салык базасын

«Жерүй» алтын кен казуу комплексинде жаңы кызматкерлер үчүн баштапкы даярдоо курстары башталды

«Жерүй» алтын кен казуу комплексинде жаңы кызматкерлер үчүн баштапкы даярдоо курстары башталды

«Жерүй» алтын кен казуу комплексинде (ТЗРК) компаниянын жаңы кызматкерлери үчүн милдеттүү үч күндүк баштапкы даярдоо курстары башталды, деп билдирет «Альянс Алтын. Окутуу программасы өндүрүштүк тилкеге чыгаар алдындагы зарыл этап болуп саналат жана ишкананын ички стандарттарын үйрөнүүгө багытталган. «Альянс Алтын» компаниясы кызматкерлерди өндүрүштүк чынжыр жана өнөр жай коопсуздугунун эрежелери менен ырааттуу

Нарында мектеп директорлорунан акча талап кылган чиновниктер кармалды

Нарында мектеп директорлорунан акча талап кылган чиновниктер кармалды

УКМК Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндө акча талап кылуу жана мыйзамсыз акча чогултуу фактысын аныктаганын мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди. Тергөөдө белгилүү болгондой, мекеменин жооптуу кызматкерлери билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен ар биринен 4 миңден 5 миң сомго чейин мыйзамсыз талап кылышкан. Айтымдарында, бул акча Эсептөө палатасынын инспекторуна каржылык мыйзам