Кубада электр энергиясы толук өчүрүлдү
Кубада электр энергиясы толугу менен өчүп калганын өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Мындай акыбал АКШ аралга нефть жеткирүүнү токтоткондон кийин биринчи жолу болуп жатканын Коммерсант басылмасы маалымдады.
"Улуттук электр энергетикалык системасы толугу менен өчтү. Себептери такталып жатат жана электр менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча протоколдор ишке киргизилди", — деп билдирген министрлик X (Twitter) социалдык тармагында.
Акыркы бир нече жыл ичинде өлкөдө электр энергиясынын ири көлөмдө өчүрүлүшү байкалууда. CNN белгилегендей, кубалык аткаминерлер муну АКШнын экономикалык санкциялары менен байланыштырууда. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, күйүүчү май жеткирүүгө коюлган блокада өлкөдөгү энергетикалык кризисти күчөтүп, электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшүнө алып келди.
29-январда АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн деген жүйө менен Кубага нефть жеткирүүгө бажы алымдарын киргизүүгө мүмкүндүк берген жарлыкка кол койгон.
Дээрлик үч айга созулган блокададан кийин электр энергиясынын өчүрүлүшү суткасына 15 саатка чейин көбөйгөн. Натыйжада өндүрүш ишканаларынын жана мекемелердин иши олуттуу кыйындап, эл азык-түлүк тартыштыгына туш боло баштаган.
13-мартта Кубанын президенти Мигель Диас-Канель АКШ менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтып, анда "чечилиши керек болгон эки тараптуу маселелер" талкууланганын билдирген.