Кубада электр энергиясын берүү калыбына келтирилди
Кубанын энергетиктери ири масштабдагы блэкауттан кийин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында электр энергиясын калыбына келтиришти. Жарык батыштагы Пинар-дель-Рио провинциясынан чыгыштагы Ольгин аймагына чейин берилди.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, күн ичинде жарыксыз калган жалгыз аймак — өлкөнүн экинчи ири шаары Сантьяго-де-Куба болгон. Кечкисин ал жерде да электр энергиясы кайра берилди.
16-мартта Кубада электр энергиясы толугу менен өчүп калган. Бул АКШ аралга мунай жеткирүүнү токтоткондон кийинки алгачкы ири масштабдагы өчүрүү болду.
13-мартта Кубанын президенти Мигель Диас-Канель АКШ менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирип, анда "чечүүнү талап кылган эки тараптуу маселелер аныкталганын" айткан.