Быйыл Баткенде жалпы 60 км СИП-2, СИП-3 кабелдери тартылат

Быйыл Баткенде жалпы 60 км СИП-2, СИП-3 кабелдери тартылат

Баткен облусунда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында электр тармактарын этап-этабы менен жаңылоо иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Анын алкагында “Кыргызстан УЭТ” ишканасынын Баткен электр тармактары филиалы тарабынан алюминий зымдарды СИП-2 жана СИП-3 өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган кабелдерге алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Жалпысынан 2026-жылы облус боюнча 60 чакырымдан ашык 0,4-6/10 кВ электр чубалгылары жаңыланат. Анын ичинде 16,25 чакырым жаңы СИП зымдары тартылып, 43,75 чакырым эски алюминий зымдары реконструкцияланып алмаштырылат.

Иштер Сүлүктү, Лейлек, Баткен, Кадамжай жана Кызыл-Кыя аймактарында жүргүзүлөт. Тактап айтканда, Сүлүктүдө 15,5 км, Лейлекте 6,82 км, Баткенде 12,38 км, Кадамжайда 8,3 км жана Кызыл-Кыяда 17 км зымдар жаңыланат.

Жаңылоо иштери март айынан башталып, ноябрь айына чейин уланат.

Бул иштер калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого, тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана авариялык кырдаалдардын алдын алууга багытталган.

Ошондой эле электр энергиясынын жоготууларын кыскартып, тургундарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыздайт, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.