Кыргызстанда энергетикалык компетенция борбору ачылат
Кыргызстанда Борбор Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борбору ачыларын Энергетика министрлигинен билдиришти.
Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу коңшу мамлекеттер үчүн да жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган демилге Татарстандын Казань шаарында өткөн “Энергопром” эл аралык форумунун алкагында көтөрүлгөн.
Форумда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы менен Татарстандын “Тармактык компания” ААК ортосунда Кыргызстанда чыңалуу астында жумуштарды аткаруу технологиясын өнүктүрүү жана ишке киргизүү, анын ичинде адистештирилген окуу борборун түзүү боюнча кызматташуу тууралуу маанилүү документке кол коюлду.
Макулдашуу Кыргызстанда электр тармактарын өчүрбөстөн тейлөөгө мүмкүндүк берген чыңалуу астында иштөө технологиясын системалуу түрдө киргизүүгө багытталган. Анын алкагында өлкөдө адистештирилген окуу борбору түзүлүп, энергетика тармагындагы адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу камсыздалат.
Муну менен катар улуттук шарттарга ылайык нормативдик-укуктук база иштелип чыгып, электр орнотмолорун өчүрбөстөн эксплуатациялоонун заманбап ыкмалары киргизилет.