"Кыргызстан – Борбор Азиянын энергетикалык борбору – А.Сохикян
Кыргызстан — Борбор Азиянын энергетикалык борбору экенин “Гидроэнергетика — Борбор Азия жана Каспий” эл аралык конгрессинде “Русгидро” ишканасынын эл аралык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү боюнча директору Артем Сохикян билдирди.
Ал Кыргызстан менен Россиянын энергетика тармагындагы кызматташтыгы протоколдордон же меморандумдардан эмес, эбегейсиз эмгектен жана эрктүүлүктөн башталганын белгиледи.
“1960-жылдары Ленинград институтунун Нарындын кууш нугунда Токтогул ГЭСтин дамбасынын планын иштеп чыгуусуна көптөгөн чет элдик эксперттер ишенишкен эмес. Бирок, инженерлер жана советтик куруучулар кандайдыр бир деңгээлде чоң иш жасай алышкан. Мында сейсмикалык шарттардан улам, аскалар тоскоолдук кылган учурларда да куруучуларга иштөөгө туура келген”, - деди ал.
Сохикян эң оор жабдууларды жеткирүү үчүн ашууларда туннелдер казылганын, бүгүнкү күндө дал ошол ашуулар менен туристтер жана Кыргызстандын жарандары өтүп жатканын маалымдады.
“Мындай ири ГЭСтердин курулушунун алкагында чыныгы чоң мектеп түптөлүп, Кыргызстанда энергетика тармагынын адистери даярдалган. Биз бул салтты улантып жатабыз. Өткөн жумада эле Казандагы форумдун алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы менен келишимге кол коюлду. Ошондой эле Борбор Азияда биринчи адистештирилген окуу борборун түзүү пландалууда”, - деп кошумчалады ал.