Туюк чакан ГЭСи ушул айда иштеп баштайт
Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан Туюк чакан ГЭСинин курулуш иштери бекитилген графикке ылайык толугу менен аяктаганын Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Учурда объектте акыркы даярдоо жана техникалык текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аны расмий түрдө ишке берүү жана электр энергиясын өндүрүп баштоо ушул айда башталат.


“Аталган долбоорду ишке ашыруу аймактын энергетикалык потенциалын жогорулатууга жана электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоого багытталган. Курулуш процессинде заманбап технологиялар колдонулуп, бардык техникалык жана экологиялык талаптар сакталды”,-деп айтылат маалыматта.