ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга багытталган долбоор үчүн 67,7 млн евро бөлөт. Жогорку Кеңеш 9-апрелде “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы былтыр декабрда кол койгон.
Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбековдун белгилешинче, насыянын жалпы мөөнөтү 20 жыл деп чектелген. Анын 5 жылы жеңилдетилген мезгил катары каралып, пайыздык чени 1% болот. Каражаттын 61,7 миллиону насыя, 3 миллиону грант, 3 миллиону техникалык жардам түрүндө берилет.
Министрдин орун басары долбоор ишке ашса электр менен камсыздоо ишмердүүлүгү жогорулап, авариялык тобокелчиликтер азаярын, жаңыланып туруучу энергия булактарына өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөрүн, жаңы жумуш орундары пайда болорун билдирди.