Энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөттү

Энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөттү

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшүнө жана коюлган милдеттердин өз убагында аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүдө. Министрликтин өкүлдөрү аймактарга чыгып, энергетикалык объектилердин даярдыгын, жабдуулардын техникалык абалын жана пландалган иштердин аткарылышын жеринде текшерүүдө. Бул туралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө энергетикалык объектилердин техникалык абалы жана жогорулатылган жүктөм шарттарында иштөөгө даярдыгы бааланууда. Ошондой эле пландуу оңдоо жана алдын алуу иштеринин аткарылышы, керектүү тетиктердин, материалдардын жана жабдуулардын болушу, кампалардын абалы жана запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, кызматкерлердин жетиштүүлүгү, күз-кыш мезгилиндеги ишке даярдыгы жана авариялык топтордун өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даярдыгы көзөмөлдөнүүдө.

Текшерүүнүн негизги максаты - жабдуулардын иш жүзүндөгү жарактуулугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу. Бул чаралар күз-кыш мезгилинде энергетикалык объектилердин ишенимдүү болушуна, авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. 
Жеринде болгон текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтер каттоого алынат. Жооптуу жетекчилерге жана уюмдарга аларды жоюу боюнча так тапшырмалар берилип, аткаруу мөөнөттөрү белгиленүүдө. Берилген тапшырмалардын аткарылышы жана аныкталган кемчиликтерди жоюу иштери Энергетика министринин өз көзөмөлүндө турат.

Бекитилген графиктерден артта калуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт. Жооптуу уюмдар бардык зарыл иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүгө, анын ичинде оңдоо иштерин аяктоого, объектилерди керектүү материалдар, запастык бөлүктөр жана жабдуулар менен камсыз кылууга милдеттүү.

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media