Кыргызстанга 13 млн 638 миң сомдук электр жабдуулары алынып келинди

Кыргызстанга 13 млн 638 миң сомдук электр жабдуулары алынып келинди

Энергетика тармагын жаңылоонун алкагында бөлүштүрүүчү электр тармактары үчүн заманбап өлчөөчү трансформаторлордун биринчи партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабдуулар “Электр энергетика тармагын жаңылоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун 2-компоненти – “Бөлүштүрүүчү тармакты санариптештирүү” багытынын алкагында сатып алынууда.

Бул максатта “АльянсСпецТех” ЖЧКсы менен жалпы 41 млн 640 миң сомдук келишим түзүлгөн. Келишим боюнча 90 комплект өлчөөчү трансформатор жеткирилет.
Ушу тапта келген биринчи партиянын жалпы наркы 13 млн 638 миң сомду түзүп, анда 10 жана 35 кВ чыңалуудагы заманбап ток жана чыңалуу трансформаторлору бар.

Жаңы жабдуулар электр тармактарындагы параметрлерди так өлчөөгө, релелик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүү иштешине, ошондой эле электр менен камсыздоонун коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Өлчөөчү трансформаторлорду жаңылоо – электр тармагын жөн гана техникалык жактан жабдуу эмес, энергосистеманы заманбап башкарууга жана санариптик технологияларды кеңири киргизүүгө багытталган маанилүү кадам.

МУРЭС долбоорунун алкагында жабдууларды жаңылоо жана бөлүштүрүүчү тармактарды санариптештирүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media