Талды-Булак айылында 70 жаңы электр мамысы орнотулду
Талды-Булак айылында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүп, 70 жаңы мамы орнотулду. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2,5 чакырым СИП-2 зымы да тартылды. Жаңылоо иштерин "КУЭТ" ААКнын аймактагы ишканасы жүргүздү.
Аткарылган иштер айыл тургундарын электр жарыгы менен туруктуу жана сапаттуу камсыздоого багытталган. Электр тармагын жакшыртуу боюнча иштер улантылары белгиленди.


