Кыргызстан менен Кытайдын энергетикалык системалары 2028-жылга чейин бириктирилиши мүмкүн

Кыргызстан менен Кытайдын энергетикалык системалары 2028-жылга чейин бириктирилиши мүмкүн

Кыргызстан менен Кытай өздөрүнүн энергетикалык системаларын бириктирүүнү пландап жатышат. Бул долбоор ишке ашса, Кыргызстан Кытайдан электр энергиясын импорттоого жана чек арага жакын аймактагы индустриалдык паркты электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүнчүлүк алат.

“Российская газета” басылмасынын маалыматка ылайык, маселе 26-ноябрда Кытайдын Циндао шаарында өткөн кыргыз-кытай электр энергетикасы боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи жыйынында талкууланган. Жыйынга Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков жана Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжи катышкан.

Алтынбек Рысбековдун айтымында, тараптар 2027-жылдын декабрь айында жогорку чыңалуудагы трансчек аралык электр берүү линиясын пайдаланууга берүүнү көздөп жатышат. Дал ушул линия эки өлкөнүн энергетикалык системаларын байланыштырган негизги объект болмокчу.

Буга чейин энергетика министрлиги инфраструктураны курууну каржылоо маселелери дээрлик иштелип бүткөнүн билдирген.

Басылма белгилегендей, Кытай Кыргызстанда энергетикалык системаны жаңылоого жана өнүктүрүүгө он жылдан ашык убакыттан бери катышып келет. Анын ичинде Бишкек ЖЭБин модернизациялоого жана CASA-1000 эл аралык долбооруна катышуу максатында жаңы электр берүү линиясын курууга көмөк көрсөткөн.
CASA-1000 долбоору Кыргызстан менен Тажикстанда жай мезгилинде өндүрүлгөн ашыкча электр энергиясын Түштүк Азия өлкөлөрүнө экспорттоону көздөйт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Лицензиясыз валюта алмаштырган 4 жаранга айып пул салынды

Кыргызстан менен ЕРӨБ суу чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Жумгалдын Чаек айыл өкмөтүнө 6 атайын техника тапшырылды

Кара-Кече ЖЭБин өлкө өз күчү менен курмакчы

Кыргыз делегациясы КМШнын саламаттык сактоо боюнча жыйынына катышты