Бишкектеги таштанды заводу 1 жылда канча электр жарыгын өндүрдү?

Бишкектеги таштанды заводу 1 жылда канча электр жарыгын өндүрдү?

Бишкектеги катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн экотехнологиялык завод бир жылдан бери иштеп жатат. Заводго таштандылар алгачкы жолу былтыр ноябрь айында алып барылган.

Борор калаа мэриясы маалымдагандай, учурда завод суткасына 1 000–1 200 тонна таштандыны кайра иштетип, кубаттуулугу 30 МВтка чейин жеткен электр энергиясын өндүрүүдө. Өткөн жылдын ноябрь айынан быйылкы жылдын ноябрь айына чейин заводдун аймагына жалпы 401 479,87 тонна таштанды жеткирилип, 187 861 824 кВт·саат электр энергиясы өндүрүлгөн.

Баш калаа мэриясы долбоорду өнүктүрүүнүн кийинки этабында экинчи заводду куруу пландалып жатканын кошумчалады. Жаңы ишкана суткасына кошумча 2 000 тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, кубаттуулугу 60 МВт болгон электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

9 айда 9,3 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

УчкайКЕП: Кыргызстанда бир жумада орун алган маанилүү окуялар

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Өкмөт түз инвестицияларды жылына кеминде 20%га көбөйтүүнү пландоодо

Өкмөт күйүүчү май боюнча жыйын өткөрдү