Жогорку Кеңеш ЕРӨБ тарабынан «Кыргыз темир жолун» 11 млн еврого каржылоо долбоорун колдогон жок

Жогорку Кеңеш ЕРӨБ тарабынан «Кыргыз темир жолун» 11 млн еврого каржылоо долбоорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз темир жолу» ишканасын 11 млн еврого каржылоо мыйзам долбоорун колдогон жок. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, мыйзам долбоорун биринчи окууда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев алып чыкты. Анын айтымында, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу» долбоору 3 компонентти карайт. Алар Боом капчыгайындагы көчкүгө каршы курулманы 150м кеңейтүү, универсалдуу үстү ачык жүк ташуучу вагондорду сатып алуу, «Жол түзүмүн модернизациялоо, кыргыз темир жолунун коопсуздугун жогорулатуу».

Макулдашуулар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 8 млн евро өлчөмүндө насыяны берүүнү жана ЕРӨБ акционерлеринин атайын фондунун каражаттарынан 3 млн. евро гранттык каражаттарды бөлүүнү камтыйт. Насыя 1% + алты айлык EURIBOR пайыздык чен менен 2 жылдык жеңилдетилген мезгилди  кошкондо, 12 жылга берилет. Долбоордун жалпы баасы 12 млн еврого бааланган, анын 11 млн евросу ЕРӨБ тарабынан, ал эми 1 млн евросу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы тарабынан каржыланмак.

Талкуу маалында депутат Аманкан Кенжебаев кирешелүү компаниянын бул долбоорду сырттан карыз алып аткарып жатканына кызыкды. Депутат Жылдыз Таалайбек кызы карызды төлөй албай калган учурда банк тарабынан карызкорго карата көрүлүүчү чараларды тактады.  Депутат Акылбек Түмөнбаев  «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери учурунда келтирилген чыгым толук өндүрүлбөй жаткан чакта насыя алуу максатка ылайыктуу эместигин билдирди.

Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдоого алышкан жок.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун тапшыруу жана кароо процессин электрондук форматка өткөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ парламенттин регламенти жана ченемдик укуктук актылар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Өзгөртүүлөрдүн маңызы — документтерди бир эле учурда кагаз жана электрондук түрдө милдеттүү түрдө тапшыруу талабынан баш тартуу. Анын ордуна мыйзам долбоорлорун жана коштоочу материалдарды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, атайын кызматтын Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 28-апрелде 2-бөлүмдүн башчысы С.у.М. опузалап талап кылынган акчаны алып жаткан учурда кармалган. Бул факт боюнча

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн милдеттүү медициналык көзөмөл киргизүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ тышкы эмгек миграциясы жана жарандардын саламаттыгын коргоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Долбоорго ылайык, өлкөгө иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдөн өтүшү керек: * эмгек ишмердигин баштоодон мурун милдеттүү медициналык кароодон өтүү; * уруксат берүүчү документтерди

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Казакстандын сунушу менен учактарды импорттоого карата бажы алымын 12 жылга нөлгө түшүрүшкөнүн Казакстандын Соода министрлиги билдирди. ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Бул өлкөлөр бирдиктүү бажы аймагын түзгөндүктөн, үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон көпчүлүк товарларга бирдиктүү бажы алымдары колдонулат. Буга чейин учактарды импорттоодо бажы алымы