Германия эмгек мигранттары үчүн иммиграцияга чейинки 10 окуу борборун жабдынуу караштырмакчы

Германия эмгек мигранттары үчүн иммиграцияга чейинки 10 окуу борборун жабдынуу караштырмакчы

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бавариянын экономика,жерди өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт менен ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Министрлик республиканын бардык региондорунда компетенцияларды валидациялоо, сертификациялоо, эмгек мигранттарын окутуунун кыска мөөнөттүү курстарын жана кетер алдында алдын ала даярдоону уюштуруу боюнча 10 борбор түзүүнү пландаштырууда.

Министрлик менен Бавариядан келген делегациянын ортосунда ГФР тарабынан бул 10 борборду керектүү окуу жабдуулары жана кесиптик лабораториялар менен жабдуу маселесин иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Келечекте чет өлкөгө жөнөтүлгөн эмгек кадрларынын тажрыйбасы республика үчүн абдан маанилүү. Анткени кайтып келген жарандар аларды колдонуп, Кыргыз Республикасынын экономикасына салым кошуу үчүн чет өлкөдө алган иш тажрыйбасына жана көндүмдөрүнө ээ болушат.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун