Баткенде Суу-Башы каналы пайдаланууга берилди – долбоордун баасы 14.6 млн сомду түздү

Баткен районунун  Кара-Булак айылындагы Суу-Башы каналынын курулушу  аяктап пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган канал 1964-жылы курулуп,  эскилиги жеткендиктен суу  50 % га чейин жоготууга учурап, натыйжада айылда суу таңкыстыгы жаралган. Бул көйгөйдү чечүү үчүн үстүбүздөгү жылдын башында  эл менен жергиликтүү  бийликтин биргелешкен аракети астында каналдын жарактан чыккан бөлүгүн кайра  куруу  пландаштырылган. Демилге  Эмират кайрымдуулук уюмунун колдоого алынып, курулуш башталган.  

Натыйжада узундугу жалпы 20 км болгон каналдын 2.5 миң км кайрадан курулду. Курулуштун жалпы сметалык баасы 14 млн 600миң сомду түздү. Тагыраагы «Эмират» Эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан 60 000 доллары, жергиликтүү бюджеттен 1млн 750 миң сом  каражат жумшалды.

Каналдын курулушу менен айылдын 550 га кургап кеткен жери суу менен камсыз болот. Учурда 1 кубка жакын суу келүүдө.