Оштун айыл чарба техникумуна 84.4 миң долларлык жабдуулар тапшырылды

Оштун айыл чарба техникумуна 84.4 миң долларлык жабдуулар тапшырылды

Ош айыл чарба техникумуна, Бүткүл дүйнөлүк банктын Ош облусу жана Ош шаары боюнча «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун, алкагында, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ААЖБ) тарабынан жаңы заманбап жабдуулар тапшырылды.

Алардын жалпы суммасы 84.4 460 АКШ долларды түзгөн. Техникумга акыркы үлгүдөгү электрондук окуу куралдар, компьютерлер, керектелүүчү шаймандар, интерактивдүү доскалар, практикалык сабактар үчүн электрондук симуляторлор тапшырылды.  

Долбоордун экинчи этабы боюнча окуу жай косметикалык оңдоодон өтүп, студенттер практикалык жактан окутуу максатында айыл чарба техникалары: дан, жүгөрү жыйноочу комбайндар, тракторлор, айыл чарба шаймандары ( анын ичинде кош, мала, тырмооч ж.б), практикалык окууга баруу үчүн жеңил автоунаалар (кичи автобус), мал жаныбарлардын электрондук макеттери, агрономия жана электрофикация адистигинде окугандар үчүн тиешелүү окуу куралдарынын акыркы үлгүдөгү моделдери менен камсыз болушат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач