Сауд өнүктүрүү фонду ипотекалык турак жайды курууга 100 млн доллар берет – келишим ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «КРда турак жайды каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кредиттик макулдашууда КРнын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасында турак жай куруу үчүн 100 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды тартуу каралган.

Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосун алуучу катары «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК долбоорду ишке ашыруучу агенттик катары болот.