Төө-Ашуунун туннелиндеги иштер боюнча Транспорт министрлиги отчет берди

Төө-Ашуунун туннелиндеги иштер боюнча Транспорт министрлиги отчет берди

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия 31-июль күнү «Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы көчкүдөн коргоо» объектисине барып, аны жарым-жартылай пайдаланууга берүү үчүн министрликтин балансына өткөрүп берүү процедурасын баштады. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Галереядагы бардык иштерди 2023-жылдын жай мезгилинде бүткөрүү жана ушул жылдын сентябрь айында объектти толук пайдаланууга берүү пландалууда.

Подрядчы калган бардык жумуштарды бүтүрүү аракетинде жана долбоордун толук бүтүшүнө даярдык көрүүдө.

Бүгүн, 1-августта жаңы тоннель аркылуу унаалар өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу айланып өтүүчү жолду (эски жолду) жабуу иштери башталды. Жарым-жартылай ачылган тоннелдин расмий ачылышы кийинчерээк болот.

Бийиктиги 8,6 метр, туурасы 10,5 метр болгон кардан коргоочу галереянын жалпы узундугу 460 метрди түзөт.

Долбоордун максаты кардан коргоо галереясын куруу аркылуу кыш мезгилинде Бишкек-Ош трафигин жакшыртуу менен бирге өлкөдөгү автомобилдик ташууларды, логистиканы жана жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзүү болуп саналат.

Долбоордун донору болгон Япон эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан (JICA)  4,288,000,000 япон йени өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнгөн.

Курулуш иштери 2019-жылы башталган, бирок 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам жумуш токтотулган. 2021-жылдын апрель айында участоктогу бардык иштер кайра жанданган. Учурда долбоордун толук аякташына даярдыктар көрүлүүдө.

Белгилеп кетчү жагдай, 2024-жылдын 30-сентябрына чейин кемчиликтер аныкталса, анда бул мезгил ичинде Подрядчы өз эсебинен оңдойт.        

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

16-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков  Кыргызстандагы Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуп, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Экономика жана коммерция министрлигинин басма соз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар 2025-жылдын 3–4-декабрында президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” Коргоо министрлигине 253 885 310 сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, бул төлөм 2025-жылы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткаруу учурунда жабыркаган Ми-8 тик учагы боюнча жүргүзүлдү. Тик учак 2024-жылы камсыздандырылган. Бул – Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы авиациялык окуя боюнча эң ири

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, документке ылайык, администрациянын түзүмүнө жана штаттык курамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Жарлык менен мамлекеттик кызмат орундарынын айрым аталыштары такталып, президенттин администрациясынын курамына катчылык институту расмий киргизилди.  Ошондой эле Администрациянын жаңыланган түзүмү жана

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин 16-июндагы жыйынында Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн 2025-жылдагы акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Талкуу маалында эл өкүлү Айсаракан