«Катар» кайрымдуулук уюму Ысык-Ата районунда 250 орундуу мектеп курулду

Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагындагы Новопокровка жаңы конушундагы "Катар" кайрымдуулук уюму тарабынан курулган 250 орундуу мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берүүгө даяр. Бул тууралуу райондун администрациясы кабарлады.

Район жетекчилиги мектептин курулушунун бүткөрүү иштери менен таанышып, айыл өкмөт башчысына жана тиешелүү жетекчилерге көрктөндүрүү, санитардык абалдын талапка туура келүүсү боюнча бир катар тапшырмаларды тез арада ишке ашырууну тапшырды.