Финансы министрлиги аймактардагы мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Финансы министрлиги аймактардагы мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Финансы министринин тапшырмасы менен «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарынын ишкерлери менен жеринде жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Каржы министринин орун басары Руслан Татиков Кочкор районундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы ишкерлердин бизнес объектилерин кыдырды. Долбоордун алкагында мамлекеттен түшкөн каражатты бизнесмендер кантип коротушканын көрсөтүштү. Долбоордун бенефициарлары менен жолугушуулардын максаты - Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге каржылык жардам көрсөтүүнүн натыйжаларына баа берүү, аны максаттуу пайдалануу жана пикир алуу.

Ишкерлер пайызсыз насыя алуу боюнча тажрыйбалары тууралуу айтып, сатып алынган жабдууларды көрсөтүп, ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Долбоордун бенефициарлары белгилегендей, мамлекет тарабынан кайтарылуучу каржылык жардам алардын бизнесин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, кирешесин натыйжалуу башкарууга жардам берди.

Өз кезегинде Руслан Татиков белгилегендей, чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо долбоору бизнес чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

«Экономиканы көтөрүүчү жана мамлекетке экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга жардам берген орто бизнес. Андыктан, ишкерлерди бизнесин өнүктүрүү үчүн мамлекеттен каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурууга чакырабыз. Бул долбоор боюнча ишкерлерден пикир алуу биз үчүн маанилүү. Каржы министрлиги ар дайым бизнес чөйрөсү менен бардык маселелерди угуп, талкуулоого даяр. Бенефициарлар менен мындай жолугушуулар бардык аймактарда өткөрүлөт», - деп баса белгиледи КР Финансы министринин орун басары.

Сентябрь айынын башына карата долбоордун алкагында 7599 ишкер жана ишкана 4,76 (төрт бүтүн жүздөн жети алты) миллиард сомдон ашык суммага каржыланган. Белгилей кетсек, региондор боюнча акчалай жардам алуучулардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда (1465 ишкер) жана жалпы алуучулардын жарымынан көбүн ишкер аялдар жана ишканаларды башкаруучу аялдар (4670) түзөт.

Долбоор КРнын бардык аймагында иштейт жана 2027-жылдын ортосуна чейин уланат.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында товардык бетон жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоордун максаты – шаардагы курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде жаңы пляжды куруу жана инфраструктураны жаңылоо иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылуу.

Ишкер Media
Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант-АБЗ унаа жолунун 10,2-чакырымынан 11-чакырымына чейинки тилкесинде ресайклинг технологиясы менен асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 10-октябрдан 17-октябрга чейин аталган тилкеде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Чектөө жол куруу иштерин сапаттуу жүргүзүү жана жаңы төшөлгөн

Ишкер Media
Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткен облусунун прокуратурасы жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 13 тоголок жетим балага кезексиз жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкелери турак жай куруу үчүн берилген. Прокуратура жергиликтүү бийлик органдарына прокурордук актыларды киргизип, жетим

Ишкер Media
Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуштарды текшерүүнү улантууда. Бут тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылаыйык, текшерүү учурунда Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылындагы суу кампа объектисинде курулуш ченемдери жана талаптар бузулганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Жолдош-Курулуш" ЖЧКсына акт

Ишкер Media