Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант-АБЗ унаа жолунун 10,2-чакырымынан 11-чакырымына чейинки тилкесинде ресайклинг технологиясы менен асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 10-октябрдан 17-октябрга чейин аталган тилкеде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Чектөө жол куруу иштерин сапаттуу жүргүзүү жана жаңы төшөлгөн катмардын талаптагыдай калыптанышы үчүн киргизилип жатат. Министрлик карьер ээлеринен жана айдоочулардан талаптарды сактоону өтүнөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында товардык бетон жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоордун максаты – шаардагы курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде жаңы пляжды куруу жана инфраструктураны жаңылоо иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылуу.

Ишкер Media
Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткен облусунун прокуратурасы жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 13 тоголок жетим балага кезексиз жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкелери турак жай куруу үчүн берилген. Прокуратура жергиликтүү бийлик органдарына прокурордук актыларды киргизип, жетим

Ишкер Media
Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуштарды текшерүүнү улантууда. Бут тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылаыйык, текшерүү учурунда Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылындагы суу кампа объектисинде курулуш ченемдери жана талаптар бузулганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Жолдош-Курулуш" ЖЧКсына акт

Ишкер Media
Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media