Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды
Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында товардык бетон жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Долбоордун максаты – шаардагы курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде жаңы пляжды куруу жана инфраструктураны жаңылоо иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылуу.
Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашыруу үчүн 300 миң долларга чейин жеке инвестиция тартуу жана 3 гектарга чейин жер берүү каралган. Мамлекеттик өнөктөш - Каракол мэриясы. Өтүнмөлөр жарыя чыккан күндөн тартып 30 күн ичинде кабыл алынат.
Дареги: Каракол шаары, Тыныстанов 21. Байланыш телефону: 0500 559 553, 0703 665 515.