Чүй облусунун өнүктүрүү фонду 2024-жылга долбоорлорду кабыл алууну жарыялайт – кыскача нускама

Чүй облусунун өнүктүрүү фонду 2024-жылга долбоорлорду кабыл алууну жарыялайт – кыскача нускама

Чүй облусунун өнүктүрүү фонду 2024-жылга долбоорлорду кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу облустун администрациясы билдирди.

Чүй облусунундагы ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана райондун бардык ишкер жарандары 2024-жылга социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорун каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү (заявкаларды) тапшырса болот.

Долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 30- ноярына чейин жүргүзүлөт. Өтүнмөлөр министрлер кабинетинин 2023-жылдын 6-январындагы №220 «Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 2-тиркемесине ылайык толтурулушу керек.

Өтүнмөгө айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында артыкчылык берилген маселелер кирип, анын техникалык документтери, курулуш жана башка ченемдери жана эрежелери (уруксат берүүчү документтер, техникалык адистешүүлөр, долбоордук- сметалык документтер) толук болушу зарыл.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу (электрондук жана кагаз турундө) төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары,Т.Айтматов көчөсү №92, e-mail: frcho@bk.ru, байланыш телефондору: 0312 48-35-34;

Мындан тышкары окуңуз

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуштарды текшерүүнү улантууда. Бут тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылаыйык, текшерүү учурунда Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылындагы суу кампа объектисинде курулуш ченемдери жана талаптар бузулганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Жолдош-Курулуш" ЖЧКсына акт

Ишкер Media
Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media
Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек башкармалыгы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, көзөмөл учурунда Көкөн тар көчөсү 25, 23, 21, 19 даректериндеги 9 кабаттуу турак жай жана 7 кабаттуу админ борбордун курулушунда ченемдер жана коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Байхан Строй"

Ишкер Media
Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Учурда

Ишкер Media