Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иштер аяктап жатат

Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иштер аяктап жатат

Кыргызстанда Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иштер аяктап жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Такталгандай, “КР, Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы “Өкмөткө караштуу Экономикалык өнүктүрүү банкы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган “КРдагы эт халал паркы” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо кабыл алынып, 2019-жылдын 16-декабрында күчүнө кирди.

Макулдашуунун негизги максаты эл аралык стандарттарга жооп берген Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо болуп саналат.

Учурда КРда Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иштер аяктап жатат.

Ошондой эле, макулдашуунун алкагында КРнын, ИӨБ (280 миң доллар) жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын (100 миң доллар) пайдасына кайтарымсыз негизде 380 миң доллар өлчөмүндө техникалык жардам тартуу каралган, ошондой эле кыргыз тараптын долбоорду иштеп чыгууга кошкон салымы 50 миң долларды түзөт.

Халал паркын курууга жана ишке ашырууга пландалган сумма 54.5 млн долларды түзөт.

Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында 2021-жылдын 8-октябрында Кыргыз-Малайзия корпорациясынын Консорциуму, The Chambers Shamsul Qamar жана HalNex Sdn Bhd менен Халал паркы долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюлган.

2023-жылдын 27-июлунда жогорудагы жумушчу топ кезектеги отурумунда Халал паркынын ТЭО-3 Компоненти боюнча Консорциумдун берилген отчетун карап чыкты жана кабыл алды.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, жыйынтыктоочу отчет аяктагандан кийин Халал паркын курууга каражат табуу маселеси иштелип чыгат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда инвестициялар 25%дан ашык өстү — I кварталдын жыйынтыгы

Кыргызстанда инвестициялар 25%дан ашык өстү — I кварталдын жыйынтыгы

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытындагы системалуу ишин улантууда. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, Улуттук статистика комитетинин жыйынтыгы боюнча 2026-жылдын биринчи кварталында өлкөдө негизги капиталга инвестициялардын туруктуу өсүшү байкалган. Үстүбүздөгү жылдын январь–март айларында инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд

1-класска 56 миңден ашуун бала катталды

1-класска 56 миңден ашуун бала катталды

Агартуу министрлиги “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарды катттоону улантып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы ырасташты. Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 56 миңден ашуун бала катталды. Бишкек шаарында  -8 959; Ош облусунда – 11 898; Жалал-Абад облусунда – 10 581; Чүй облусунда – 6 619; Баткен облусунда – 6 384; Ысык-Көл

Ар бир үчүнчү кепилдик — аялдарга: Кыргызстанда ишкер айымдарга колдоо өсүүдө

Ар бир үчүнчү кепилдик — аялдарга: Кыргызстанда ишкер айымдарга колдоо өсүүдө

"Кепилдик фонд" ААКсы Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоону ырааттуу улантып, өз бизнесин өнүктүрүп жаткан аялдар үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча аял ишкерлерге берилген кепилдиктердин үлүшү жалпы кепилдиктердин 32%ын түздү. Башкача айтканда, дээрлик ар бир үчүнчү кепилдик аялдардын

Кара-Сууда “Ала-Тоо-Амир” ишканасы курут, чалап жана шербеттин түрлөрүн өндүрүүдө

Кара-Сууда “Ала-Тоо-Амир” ишканасы курут, чалап жана шербеттин түрлөрүн өндүрүүдө

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан “Ала-Тоо-Амир” жоопкерчилиги чектелген коому кайра иштетүү өнөр жайы тармагында туруктуу иш алып барып келет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ишкана учурда курут, чалап жана шербеттин түрлөрүн өндүрүп, күнүнө 6-8 тонна продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өндүрүш