«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 3.2 млрд сомго насыя берилди
«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 2023-жылдын 28-сентябрына карата 3.2 млрд сомго 7287 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлик билдирди.
Такталгандай, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 860.6 млн сомго 2 052 насыя берилди.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2.4 млрд сомго 5 235 насыя берилди.