Индия Ош облусунунда боор жана бөйрөктү трансплантациялоо борборун ачууга жардам берет

Индия Ош облусунунда боор жана бөйрөктү трансплантациялоо борборун ачууга жардам берет

Ош облусунунда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында боор жана бөйрөктү трансплантациялоо борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Такталгандай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, преизденттин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Кара-Суу районунун  мамлекеттик  администрациясынын башчысы – аким Жакыпбек Субакожоев “Азия”  кайра  калыбына келтирүүчү  борборунун  жетекчилиги, Индия  өлкөсүнөн келген “Меданта”  клиникасынын  дарыгерлери жана  атайын өкүлү  Мухамед  Акбер Вани жана Ашок Кумар Ваит  башчылыгында турган  делегациянын мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Ош облусунун жана бүткүл КРнын медициналык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү учур болуп кала турган Төлөйкөн айылында боор жана бөйрөк алмаштыруу борборун ачуу жолдору талкууланды. Борбор боор жана бөйрөк ооруларын алдын алуу, профилактикалоо жана трансплантациялоого сапаттуу медициналык кызматты жеткиликтүү баада көрсөтүүгө адистешет.

Бул ачылыш ошондой эле башка чет өлкөлөрдөн келген бейтаптарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп, жергиликтүү медицина кызматкерлерине тажрыйба жана атайын билимдер менен алмашууга шарт түзөт. Бул элибиздин ден соолугун чыңдап, учурдун эн көйгөйлүү оорулардын алдын алуу күтүлүүдө.

Делегация менен жолугушуудан тышкары Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын залында Ош облусунан келген 400дөн ашык дарыгерлердин катышуусунда илимий-практикалык конференция өттү. Илимий-практикалык конференция көрүнүктүү медицина адистеринин – онкология тармагындагы эксперт Ашок Кумар Ваиттын жана Меданта клиникасынын тажрыйбалуу хирургу Мухамед Акбер Ванинин баяндамалары менен коштолду.

Конференция кызыктуу баяндамаларга жана талкууларга бай болуп, 15 бейтапка эксперт дарыгерлер тарабынан бекер консультациялар берилди. Бул иш-чара Кыргызстандын медицина тармагын өнүктүрүүдө жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы медициналык кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы «Алим Финанс Групп» алмашуу бюросу ЖЧКсынын лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту. Мындан тышкары, Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүп жүргөн төрт жаранга (А.Т.К., Д.у.

Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

УКМК тарабынан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону казып алууга күбөлүктөрдү берүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди. Маалыматка таянсак, айрым кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. Аталган күбөлүктөрдүн негизинде жер казынасын пайдаланууга уруксат

Отуз-Адыр: калкты таза суу менен камсыздоого 541,7 млн сом жумшалды

Отуз-Адыр: калкты таза суу менен камсыздоого 541,7 млн сом жумшалды

"Отуз-Адыр" чакан долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы 12 айылдын тургундарын таза суу менен камсыздоо иштери соңуна чыгып калды. Долбоор Министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылып жатат. АРИСтин "Айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун координатору Корчубай уулу

Ак-Талаада заманбап спорт комплекс курулууда

Ак-Талаада заманбап спорт комплекс курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында заманбап спорт комплекс куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, жаңы спорткомплекстин жалпы аянты 2224 чарчы метрди түзөт. Имаратта 300 көрүүчүгө ылайыкталган спорт залы, күрөш залы, конференц-зал, машыктыруучунун