Россиядан гуманитардык жардам келди – азык-түлүктүн көлөмү 472.5 тоннаны түздү

Россиядан гуманитардык жардам келди – азык-түлүктүн көлөмү 472.5 тоннаны түздү

Кыргызстандын түштүгүнө Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамы келди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.

Такталгандай, жардамдын көлөмү 472.5 тонна азык-түлүк. Анын ичинен 434.7 тонна байытылган ун жана, 37.8 тонна – өсүмдүк майы.

Гуманитардык жардам Ош шаарындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына жеткирилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо 1-июнда аяктайт, оң рулдуу унааларга лицензия берилбейт

Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо 1-июнда аяктайт, оң рулдуу унааларга лицензия берилбейт

Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июнунда аяктайт. ЖКтин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитети тарабынан транспорттук такси кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар тарабынан КРнын автомобиль, транспорт жөнүндө мыйзам талаптарынын аткарылышы тууралуу маалымат угузулду. КРнын Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баяндама жасап, женил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу

Тоңдо 100 орундуу бала бакча жыл аягына чейин пайдаланууга берилет

Тоңдо 100 орундуу бала бакча жыл аягына чейин пайдаланууга берилет

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, долбоордун жалпы наркы 83 миллион сомду түзөт. Долбоорго ылайык, аянты 1404 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу бала бакча бардык заманбап талаптарга

Кыргызстанда инвестициялар 25%дан ашык өстү — I кварталдын жыйынтыгы

Кыргызстанда инвестициялар 25%дан ашык өстү — I кварталдын жыйынтыгы

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытындагы системалуу ишин улантууда. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, Улуттук статистика комитетинин жыйынтыгы боюнча 2026-жылдын биринчи кварталында өлкөдө негизги капиталга инвестициялардын туруктуу өсүшү байкалган. Үстүбүздөгү жылдын январь–март айларында инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд

1-класска 56 миңден ашуун бала катталды

1-класска 56 миңден ашуун бала катталды

Агартуу министрлиги “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарды катттоону улантып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы ырасташты. Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 56 миңден ашуун бала катталды. Бишкек шаарында  -8 959; Ош облусунда – 11 898; Жалал-Абад облусунда – 10 581; Чүй облусунда – 6 619; Баткен облусунда – 6 384; Ысык-Көл