Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборуна компьютердик томография орнотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, компьютердик томография аппараты Кытай компаниясынын колдоосу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында орнотулду. Заманбап медициналык аппараттын баасы 360 миң долларды түзөт.
Компьютердик томография райондун жашоочулары үчүн зор жаңылык болуп эсептелет. Алыс жолго убакыт коротпостон, райондун борборунда томографияга текшерилүүгө шарт түзүлдү.
Кадамжай ЖДПБ 259 керебетке эсептелип, 13 бөлүм жана 5 филиал, 19 УДТ, 24 ФАПдан турат.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media