Ысык-Атада АРИСтин жардамы менен ФАП курулут – баасы 5 млн сом

Ысык-Атада АРИСтин жардамы менен ФАП курулут – баасы 5 млн сом

Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагына караштуу Тельман айылында жаңы ФАПтын курулуш иштери башталды. Долбоордун баасы 4.9 млн сомдон ашты. Бул тууралуу райондук администрациясы билдирди.

ФАПтын пайдубалын тургузуу ишине райондун акими Алимазбек Осомнов ,райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Эрнис Мамыркулов, айыл өкмөт башчысы Максат Джолдошев, айыл аксакалдары, жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты.

Курулуш иштери АРИСтин кошумча каржылоосунун 3-айылдык инвестиция долбоору аркылуу ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк

Бишкектеги “Анар-Бак” конушуна автобус жүрүп баштады

Бишкектеги “Анар-Бак” конушуна автобус жүрүп баштады

30-майдан тарта Бишкек шаарында №36 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүү киргизилип, “Анар-Бак” конушу камтылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул чечим аталган конуштун тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган. Белгиленгендей, “Анар-Бак” конушунда коомдук транспортту уюштуруу маселеси Бишкек шаарынын

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Токтогул суу сактагычынын Кодул тилкесинде мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча кезектеги түнкү рейддик иш-чара жүргүздү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка таянсак, рейддин жүрүшүндө балык кармоо үчүн тыюу салынган кытай үлгүсүндөгү синтетикалык торлорду жайып жаткан жеринен эки жаран кармалды. Аталган жарандарга карата административдик чара