Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Токтогул суу сактагычынын Кодул тилкесинде мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча кезектеги түнкү рейддик иш-чара жүргүздү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка таянсак, рейддин жүрүшүндө балык кармоо үчүн тыюу салынган кытай үлгүсүндөгү синтетикалык торлорду жайып жаткан жеринен эки жаран кармалды. Аталган жарандарга карата административдик чара көрүлүп, ар бирине 11 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле рейд учурунда жалпы узундугу болжол менен 200 метрге жакын мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынып, белгиленген тартипте конфискацияланды.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык айрым суу сактагычтарда балыкты кармоого мораторий киргизилген. Бул чара суу биоресурстарын сактоо, балык корун калыбына келтирүү жана экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды балык чарбачылыгы жаатындагы мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media