Садыр Жапаров Япониянын “РОТОБО” бизнес-ассоциациясы менен жолукту

Садыр Жапаров Япониянын “РОТОБО” бизнес-ассоциациясы менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында япониялык "РОТОБО" ассоциациясынын жетекчилиги менен ишкердик жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Россия жана жаңы көз карандысыз мамлекеттер менен соода боюнча Япониянын ассоциациясы (РОТОБО) 1967-жылы негизделген жана КМШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен ишкер кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Өнөктөш өлкөлөр болуп Россия, Украина, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Азербайжан, Армения, Грузия жана Монголия саналат.

Жогорку даражалуу меймандар менен учурашып жатып Ассоциациянын президенти Масами Иидзима Кыргызстандын президенти менен жолугушуу алар үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

Ал Япония Өкмөтү Борбор Азияга болгон кызыгуусун арттырып жатканын канааттануу менен белгиледи. Бул нерсени жогорку деңгээлдеги "Япония+Борбор Азия" форматынын алкагында 2024-жылы пландалган иш-чаралар тастыктап турат.

Бул контекстте Масами Иидзима ушул жылдын ноябрь айынын аягында 20 адамдан турган эксперттик топ Кыргызстанга жөнөтүлөрүн, алар Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү болорун билдирди. Сапардын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинде Бишкек эркин экономикалык зонасына баруу, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар каралган.

Ал эксперттик топтун сапарын Кыргызстан менен ырааттуу мамилелерди кадам сайын өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы масштабды жана бизнести көтөрүү үчүн эң потенциалдуу чөйрөлөрдү аныктоо мүмкүнчүлүгү катары колдонуу ниети жөнүндө белгилеп өттү. Атап айтканда, япон тарап Кыргызстан менен экономикалык алмашууну өнүктүрүүгө кызыкдар жана туризм, айыл чарба, энергетика, өнөр жай ж. б. сыяктуу багыттар боюнча бизнес-диалогду активдештирүүгө даяр.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап менен ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ошондой эле бул багыттар боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жана болгон потенциалына өзгөчө көңүл бурду.

Андан соң Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев презентация жасап, өлкөнүн инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрү жана преференциялык шарттары тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.