Кытай «Евразиялык соода-логистикалык комплексин» ишке ашырууга жардам берет

Кытай «Евразиялык соода-логистикалык комплексин» ишке ашырууга жардам берет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын экономиканын жеке секторундагы эл аралык кызматташтык боюнча соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Лу Ян жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Акылбек Жапаров мурда жетишилген макулдашуулар практикалык иш чараларга өтүп жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытай көптөгөн тармактарда ар тараптуу кызматташууну активдештирди жана бул, албетте, биздин эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн кең келечегинен кабар берет. Биз Кытайдын соода-өнөр жай палатасы менен кызматташууга жана инвестициялык долбоорлор боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга кубанычтабыз», - деди ал, ошондой эле энергетика тармагына жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорго Кытай тарапка инвестиция салуу маселесин кароону сунуштады.

Жыйындын алкагында министрлер кабинети менен «Кыргыз-Кытай инвестициялык холдинг» ЖЧКсынын ортосунда «Евразиялык соода-логистикалык комплекс» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи болду.

Жогоруда аталган долбоор жалпы инвестициялык көлөмү 700 миллион доллары менен Чүй облусунда ишке ашат жана төмөнкүлөрдү камтыйт: соода шаары, эл аралык көргөзмө борбору, кампа жана бажы зоналары менен логистикалык борбор, ири жабдуулар үчүн базарлар, турак-жай жана мейманкана комплекстери.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун