Кыргызстандыктар япониялык Jet программасына катышууга мүмкүнү бар
Япониянын элчилиги 2024-жылга Jet программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн жарыялады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, «JET» - «Japan Exchange and Teaching» (Японияда тажрыйба алмашуу жана окуу) дегенди билдирет.🇯🇵
Программа эл аралык мамилелердин координатору («CIR Coordinator for International Relations») катары иштөөгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
CIR программасынын катышуучулары Япониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик кеңселеринде же тиешелүү уюмдарда эл аралык мамилелер тармагында иштешет.
Талапкерлерден документтерди кабыл алуу 29-февралга чейин уланат.
Талаптар жана арыз берүү процесси тууралуу кененирээк маалыматты элчиликтин расмий сайтынан тапса болот.