Түптө 180 батирлүү ипотекалык турак жайдын курулушу башталды

Түптө 180 батирлүү ипотекалык турак жайдын курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылында "Хан-Теңири-6" ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 алты кабаттуу турак үй курулуп, жалпысынан 180 батир пайдаланууга берилет. Анын ичинде 42 бир бөлмөлүү, 102 эки бөлмөлүү жана 36 үч бөлмөлүү батир каралган.
Турак жай комплекси 1,65 гектар аянтта жайгашып, жашоочулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Долбоорго ылайык, аймакта балдар аянтчасы, кичи футбол аянтчасы, теннис талаасы, эс алуу жайлары, сейилдөө жолдору, жашылдандырылган аймактар, ички жолдор жана 220 орундуу унаа токтотуучу жай курулат.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев калкты турак жай менен камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media