Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Баткен шаарынын мэриясы менен биргеликте шаар тургундары үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган маалыматтык лекция уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө адистер жарандарга жеке каржыны туура башкаруу, акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана өлкөдө QR-код аркылуу жүргүзүлүүчү заманбап төлөм кызматтары тууралуу кеңири маалымат беришти.

Мындан тышкары, финансылык алдамчылыктан жана дропперлик схемалардан сактануу боюнча кеңештер айтылып, катышуучуларга “Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө кредит алууга тыюу салуу кызматын иштетүү жана зарыл учурда аны кайра алып салуу тартиби түшүндүрүлүп берилди.

Улуттук банктан билдиришкендей, июнь айынын ичинде ушундай эле агартуу иш-чаралары өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлүп, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көңүл бурулган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда

Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты