Таласта заманбап мектеп курулат – долбоорду ЕТӨФ каржылайт

Таласта заманбап мектеп курулат – долбоорду ЕТӨФ каржылайт

Таласта 3га жер тилкесине 1 224 орундуу ири мектеп курулат. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Такталгандай, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү мектеп курула турган жер аянты менен жеринен  таанышышты.

Жаңы курула турган мектепте спорт аянтча, бассейн, китепкана, 600 орундуу  жыйын зал, спорттук зал, 612 орундуу мектеп ашканасы жана атайын унаа токтотуучу жай курулат.  Долбоордо мектеп бардык заманбап талаптарга ылайык жабдуулар менен жабдылат. Аны менен катар таза суу, саркынды сууга туташтыруу, жылуулукка жана электр жарыгына кошуу каралган. Бул жылы мектептин долбоордук сметалык документтерин, тийиштүү иш кагаздарын даярдоо иштери жүргүзүлөт. Мектептин курулуш иштери 2025-жылдын жаз айлары менен  баштоо пландалууда.

Бүгүнкү күндө Талас шаарында орус тил багытындагы мектептерге болгон талап жогору. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса жаңы салына турган мектеп орус тилинде билим берет. Ал үчүн Орусиядан усулдук тажрыйбасы жогору мугалимдер келишет.

Белгилей кетсек, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду буга чейин Кыргызстанга тез жардам унаасын сатып алууда жана чакан ГЭСтерди курууда  бир катар иштерди жүзөгө ашырышып, колдоо көрсөтүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объектилерин кыдырып, №42 мектептин 385 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстандын карамагына өттү. Бул айылдарда этникалык

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, делегация Баткенге Улуу Британиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгын карашты. 2023–2025-жылдары “1+1” механизми аркылуу мекенге кайтып келген 59 жарандын бизнес-пландары каржыланып, алардын 39у

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

22-июнда Баткен шаарында катуу сел жүргөндөн кийин тургундар борборлоштурулган суу менен камсыздоодон убактылуу ажырашты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаандан жана анын кесепетинен электр энергиясынын өчүшүнөн улам шаардык резервуарларга суу жетиштүү көлөмдө топтолбой калган. Ушуга байланыштуу шаар боюнча ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулду.