Ысык-Көлдө Корумдунун жолу реконструкцияланат

Ысык-Көлдө Корумдунун жолу реконструкцияланат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2024-жылдын 1-апрелинен тартып «Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр участогунун 104-чакырымынан 184.5-чакырымына чейин реконструкциялоо» долбоору боюнча курулуш иштерин баштайт. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Учурда башкы подрядчы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясы техникаларды, жабдууларды жана кызматкерлерди мобилизациялоо, бактарды кыюу иштерин жүргүзүүдө. Ошол эле учурда Жаркынбаева айылына жакын, 134,4 чакырымында жайгашкан подряддык базанын жана консультанттык кеңсенин курулушу аяктоодо.

Белгилей кетсек, каттамдын болжолдонгон багыты учурдагы жол менен өтөт жана III - техникалык категориядан (эки тилкелүү) II - техникалык категорияга (төрт тилкелүү) кеңейтилет, ошондо жол тилкесинин туурасы 21,6 метрди түзөт.

Автомобиль жолу Ысык-Көл районунун Корумду айылынан башталып, аягы Түп районунун Балбай баатыр айылын камтыйт. Маршрут 17 калктуу конуштар аркылуу өтөт.

Жогорудагы долбоорго ылайык кээ бир участоктордо көп сандагы дарактарды кыюуга туура келүүдө. Бул жагдайды жолдун техникалык параметрлеринин жогорулашы, трассанын огун түздөө аркылуу геометриясынын жакшырышы, II - техникалык категория үчүн каршы келе жаткан кыймылдын көрүнүшү, ошондой эле ылдамдыкты чектөө сыяктуу талаптарга шайкеш келтирүү болуп саналат.

Белгилүү болгондой, автомобиль жолдорун жашылдандыруу 2 негизги түргө бөлүнөт: Коргоочу жана Декоративдик жашылдандыруу. Коргоочу жашылдандыруу бул; эрозияга каршы, кар, кум, ызы-чуу-газ-чаң эмес жашылдандыруу.

Усулдук сунуштарга ылайык, жаңыдан курулган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда коргоочу көрктөндүрүүнүн бардык түрлөрүн жайгаштыруу жол тилкесинин чегинен туурасы 50 метрден кем эмес жолдун чектеринде жүргүзүлүшү керек.

Жолго жакын отургузулган бак-дарактарды унаа коопсуздугу жагынан кооптуу деп эсептесе болот. Ошондуктан бак-дарактарды кыюуну кырдаалдан келип чыккан аргасыз чечим катары кароого болот.

Белгилей кетсек, долбоордо жолду жашылдандыруу каралган, кыйылган бактардын ордуна 1:3 пропорциясында жаңы бак-дарактар отургузулат. Жолдун оң жагына жакшы көрүнүү үчүн, ошондой эле муз болгон мезгилде жолду жакшы жарыктандыруу үчүн жапыз өскөн бак-дарактардын түрлөрү отургузулат.

Мындан тышкары окуңуз

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар