Дүйнөлүк банк жаратылыштын тобокелдиктерин азайтууга 52.4 млн доллар берет

Дүйнөлүк банк жаратылыштын тобокелдиктерин азайтууга 52.4 млн доллар берет

2024-жылдын 2-апрелинде, Дүйнөлүк банк тарабынан жалпы суммасы 52.4 млн доллар түзгөн «КРда ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Министрлер кабинетинин атынан макулдашууга КР финансы министри Алмаз Бакетаев, ал эми Дүйнөлүк банкы тарабынан Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова кол коюшту.

Долбоор селдердин жана мөңгүлөрдүн жашоо каражаттарына жана жердин азайышына кыска мөөнөттүү узак мөөнөттүү таасирин азайтуу максатында натыйжалуу жана туруктуу мониторинг жүргүзүүгө багытталат.

Ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча долбоор климаттын өзгөрүшүнүн табигый кырсыктарга тийгизген таасирин азайтууга, селден жана суу ташкындарынан экономикалык жоготууларды кыскартууга жана аялуу жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле 9 500дөн ашык короо-жайлар, 2 754 кожолук, 7 828 га айыл чарба жерлери жана көптөгөн социалдык объекттерди коргоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогулда 4,5 млн сомго заманбап мал союучу жай курулуп, ишке берилди

Токтогулда 4,5 млн сомго заманбап мал союучу жай курулуп, ишке берилди

Токтогул районунда райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен заманбап мал союучу жай ачылып, пайдаланууга берилди. Долбоорго жалпысынан 4,5 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жаңы объект күнүнө 10 баш мал союуга ылайыкталган. Ошондой эле төрт туруктуу жумуш орду түзүлдү. Мындан

Бишкекте айыл чарба каттоосу башталды

Бишкекте айыл чарба каттоосу башталды

Бишкек шаарында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин айыл чарбасынын абалы боюнча каттоо жүргүзүлүүдө. Каттоонун максаты — тармактын учурдагы абалын так аныктап, негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн маалымат топтоо. Шаар тургундарынан каттоочуларга так маалымат берип, алардын ишине көмөк көрсөтүү өтүнүлөт. Кошумча суроолор боюнча байланыш: * Жалпы координатор: Азизов Кубанычбек – 0707 682 862 * Ленин району:

Кыргызстанда 1-апрелден тарта бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акылары жогорулайт

Кыргызстанда 1-апрелден тарта бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акылары жогорулайт

2026-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандагы бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылат. Садыр Жапаров бюджеттик тармактагы кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу тууралуу Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, 1-апрелден тарта президенттик компенсациялык төлөм киргизилет. Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, социалдык коргоо жана башка тармактардын кызматкерлери үчүн бул төлөм бир ставка үчүн 15

Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин делегация башчылары саламдашуу аземинен өтүп, биргеликте сүрөткө түшүштү. Отурумда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелери