Бишкекте айыл чарба каттоосу башталды

Бишкекте айыл чарба каттоосу башталды

Бишкек шаарында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин айыл чарбасынын абалы боюнча каттоо жүргүзүлүүдө.

Каттоонун максаты — тармактын учурдагы абалын так аныктап, негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн маалымат топтоо.

Шаар тургундарынан каттоочуларга так маалымат берип, алардын ишине көмөк көрсөтүү өтүнүлөт.

Кошумча суроолор боюнча байланыш:

  • Жалпы координатор: Азизов Кубанычбек – 0707 682 862
  • Ленин району: 0706 020 757
  • Октябрь району: 0707 706 547
  • Биринчи май району: 0552 010 823
  • Свердлов району: 0777 919 178

Маалыматтын тактыгы көрүлө турган чаралардын сапатына түз таасир этет.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарын аймагында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Кара-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 45 чакырым түштүк-батышта жана Нарын шаарынан 86 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 2,5 баллга

Таласта курулуп жаткан объекттилер текшерилди

Таласта курулуп жаткан объекттилер текшерилди

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Талас облусунда жүрүп жаткан курулуш иштерин текшерди. Эрмат Жумаев облус кире беришиндеги арканын оңдоп-түзөлүшү, респойнттун курулушу, ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Талас районунун Шумкар-Уя

Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктары тазаланууда

Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктары тазаланууда

Учурда Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктарынан тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен аталган унаа жолдун 45–46-чакырым аралыгында сел жүргөн. Кырдаалга байланыштуу тиешелүү жол тейлөө кызматтары ыкчам аракеттерди көрүп, аймакка

Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Аламүдүн Райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейд жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаа жана эндуро мотоциклдери менен жайыт жерлерге кирип, чөп катмарын тепселеп, жаратылышка зыян келтирген жарандар аныкталды. Аталган фактылар